• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүнкү күндө 26 миң 147 адамдын анализи текшерилди — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коронавируска 26 миң 147 адамдын анализи текшерилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 27 миң 13тү түзөт. “Ал эми жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жалпы саны 26 миң 147. Сутка ичинде 1 миң 19 изилдөө жүргүзүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 14-апрелге карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 430га жетет. Алардын ичинен 71 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий