• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүнкү күндө 27 балага 50 миң сомдон сүйүнчү төлөндү – Кочкоров

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө 27 балага 50 миң сомдон сүйүнчү төлөндү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 560 миңден ашык жаран кенемте жана жөлөкпулдар менен камсыз болушту. Алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жана балдардын жөлөкпулу менен 339 миң 200 бала, 105 миң 660 аз камсыз болгон үй-бүлө камсыздалды. Жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868 сомду түзөт.

“2019-жылдын 1-декабарынан баштап 3 же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сомдон “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөнө баштаган. Бүгүнкү күндө 27 бала “сүйүнчү” пулун алды. Ал эми 6 айдын ичинде 4 миң сомдук “сүйүнчү” жөлөкпулун 67 миң 346 балага төлөндү”, - дейт ал.

Кочкоров белгилегендей, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 96 миң 782 адамды түздү. Орточо 3 миң 29 сом каражат берилет. Мындан сырткары, ай сайын 25 категориядагы жарандарга жеңилдиктердин ордуна 1 миң сомдон 7 миң сомго чейин кенемтелер төлөнүүдө. Аны 41 миң адам алды.

“Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына 7 категориядагы ардагерлердин ар бирине 75 миң сомдон берилди. Жалпысынан 1951 адамга 44 млн 150 миң сом төлөндү”, - деди Кочкоров.

Пикир

Оставить комментарий