• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүнкү күндө 300дөн ашык адам обсервацияда жатат - Исаков

Ден соолук 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 300дөн ашык адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, обсервацияда чет элдик жарандар да бар.

"Обсервациядагы жарандардын баарынын ден-соолуктары жакшы. Ал адамдарды оорулуулар деп эсептебешибиз керек. Аларга текшерүү иштери гана жүргүзүлүп жатат. Күнүнө үч маал тамак берилет, жаткан жерлери таза, ичи да жылуу", - деди Исаков.

Исаков кошумчалагандай, бүгүнкү күнгө чейин 1 миң 500 жолу коронавирусту аныктоо боюнча анализ жүргүзүлгөн. Алардын баарынын жыйынтыктары терс болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий