• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө 410 адам обсервацияда - Чолпонбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө 410 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн 2 миң 290 орун дайындалган.

“Кичи ажылыктан келген жарандар менен байланышта болгон 1 миң 42 адам дарыгердин көзөмөлүндө. Медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат”, - дейт министр.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп тааныгын.

Пандемия – жугуштуу оорунун бир нече өлкө, континентке массалык түрдө таралышы. Буга чейин дүйнөгө жайылган коронавирстун жаңы түрүнө COVID деген расмий аталыш берилген – CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет

Пикир

Оставить комментарий