• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүнкү күндө “Айыл банктын” активи 30 млрд 796 млн сомду түзөт - Асанбаев

Экономика 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө “Айыл банктын” активи 30 млрд 796 млн сомду түзөт. Бул тууралуу “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, “Айыл Банк” бир гана насыя бербестен аманат салуу, акча которуу жана башка кызматтарды да көрсөтүп келет.

“Бүгүнкү күндө банктын активи 30 млрд 796 млн сомду түзөт. Бул жыл башынан бери 876 миллионго өсүш берди. Ал эми насыя портфели жыл башында 20 млрд 351 млн сом болсо, азыр 22 млрд 673 млн сомду түздү. Ошондой эле депозиттик портфелдин суммасы 14 млрд 156 млн сомду түзөт”, - дейт ал.

Асанбаев пандемия учурунда “Айыл банктын” жер-жерлердеги тейлөө борборлору иштеп жатканын айтат.

Пикир

Оставить комментарий