• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60%га камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60%га камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдады.

Анын айтуусунда, «Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жаңы имараты курулуп, керектүү техникалар менен жабдуулар алынган, жаңы канализациялык тутумдардын курулушу аяктоо алдында турат.

«Долбоордун жыйынтыгында шаардын таза суу менен камсыздалышы 98%га жогорулайт», - деп баса белгиледи ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын президенти учурда эки күндүн иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт.

Иш сапарынын жүрүшүндө президент калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат.

Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат.

Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий