• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 74 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү – Түлөбаев

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 74 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

"Бул күнгө чейин Бишкек шаарында өкмөт, жергиликтүү бюджет, кайрымдуулук фонд, жергиликтүү бизнестин колдоосу менен 74 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Кайрымдуулук колун сунган уюмдарга, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарга ыраазычылык билдиребиз. Мисалы кечээ күнү (27-апрель – авт.) Биринчи май району боюнча 1 миң 161 үй-бүлө, Ленин району боюнча – 2 миң 652, Свердлов району боюнча –2 миң 294 жана Октябрь району боюнча 1 миң 500 үй-бүлөгө, бир күн ичинде 7 миң 607 түтүнгө жардам таратылды", - деди ал.

Аны менен бирге ал кимден, канча жардам келгени тууралуу да айты өттү.

"Башынан алганда, өкмөт бизге 6 миң кап ун берип, ар бир районго 1 миң 500 каптан бөлгөнбүз. Алар таратылып бүткөн – бир түтүнгө бирден кап ун берилген. Андан тышкары араб кайрымдуулук фонддору тарабынан берилген жардам бул күнгө карата 9 миң 600 түтүнгө жеткирилди. Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен каттоодо турган 17 миңге жакын түтүнгө жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Бишкекте бизнес тармагы 20 миң социалдык жардам баштыгын убада кылган. Бүгүнкү күнгө карата алар 21 миң 300 үй-бүлөгө жардам берди. Ошондой эле Чүй облусундагы Бишкекке чек аралаш турган конуштарга, Свердлов жаан Ленин районундагы конуштарга өкмөт тарабынан 2 миң 560 түтүнгө жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары борбордук штаб тарабынан Бишкек шаарына 1 миң түтүнгө жардам бөлүндү. Ошондой эле өкмөттүн чечими менен 30 миң түтүнгө берилген жардам таратылып жатат. Анын баарын кошкондо эки-үч күндүн ичинде 80-90 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий