• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө Бишкекте 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Дареги

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 4-июлдан 8-июлга чейин күндүзгү стационарларга 5 миң 500 адам медициналык жардамга кайрылды, 730 адамга кеңеш берилип, 4 миң 800 адам капельница түрүндөгү инъекция алды, 33 адам ооруканаларга жаткырылды, 4 адам каза болду.

Борбор калаада иштеп жаткан күндүзгү стационардын даректери:

Ленин районунда:

- “Газпром” спорткомплекси, Токонбаев - Чортекова – 120 орун;

- № 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул - Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде);

- “Арал” кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:

- Р. Санатбаев атындагы ФОК, Восток - 5 кичирайонунда – 150 орун;

- № 94 орто мектепте – 50 орун (“Дордой” конушунда).

Октябрь районунда:

- “Бишкекпекарня” муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, чиркөөнүн жанында – 200 орун;

- “Сейтек” мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10, “Алатоо” университети).

Биринчи май районунда:

- № 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9);

- К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.

“Биздин күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн 20:00гө чейин кайрылсаңыздар болот. Ал жерде дарыгерлер жана дары-дармек сатып алуу үчүн дарыканалар бар, биздин медайымдар сиздерге дары тамчылатма (капельница) коюп же укол сайып беришет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий