• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүнкү күндө карантиндик талаптарды сактабаган 98 жаран жоопко тартылды - Каниметов

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө карантиндик талаптарды сактабаган 98 жаран жоопко тартылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 110 обсервациялык жай уюшулган.

"Март айынан бери үй карантинине алынган жарандардын саны 123 миң 638ди түзөт. Алардын ичинен 95 миң 46сы карантинден чыгарылган. Ал эми учурда үй карантин режиминде 28 миң 592 жаран болууда. 20 миң 111 жаранга карантиндик талаптарды бузбоо боюнча нускамалар берилген", - дейт ал.

Каниметов жарандар карантиндик талаптарды бузуп жатканын айтат.

"Карантиндик талаптарды бузган 98 жаранга КРнын Бузуулар, Жоруктар жана Кылмыш кодексине ылайык чара көрүлүүдө. Алардын 44үнө 129 миң сомго айыппул салынган. Калган 54 адамдын иши сот тартибинде каралат", - деп кошумчалады Каниметов.

Пикир

Оставить комментарий