• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө коронавирусту аныктоо үчүн 11 миң 134 тест жүргүзүлгөн - Мамбетов

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирусту аныктоо үчүн 11 миң 134 тест жүргүзүлгөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгында 58 адам коронавирусту жугузуп алгандыгы тастыкталган.

"Обсервацияда 4 миң 886 адам жатат. Алардын саны күндөн-күнгө азаюуда. Үй карантининде 3 миң 338 адам бар. Жалпы 8 миң 224 киши биздин өзгөчө көзөмөлүбүздө", - дейт ал.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти. Жалал-Абад облусунда – 26 учур, Ош облусунда – 27 учур, Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган), Баткен облусунда – 1 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий