• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу 75% камсыз болгон

Экономика 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу 75% камсыз болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди.

Ал маалымдагандай, жыл аягына чейин азык-түлүк коопсуздугу 100% чейин камсыз болот.

Каракулов кошумчалагандай, бул жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна дан сатып алууну пландап жатат. Учурда Казакстандан 11 миң тонна дан алынган, атамекендик дыйкандардан 15 миң тонна сатып алуу каралууда.

"Былтыр 2018-жылы дыйкандардан 6 миң тонна дан сатып алганбыз", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий