• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 346 айылда таза суу тутуму такыр жок — Абдыраев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 346 айылда таза суу тутуму такыр жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуникалдык чарба мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагына 1 миң 905 калктуу конуш бар.

“2000-2014-жылдары Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан 111 млн евро суммасында инвестиция тартылып, 545 айылдын калкы таза суу менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө 1 миң 873 айылдын 346 айылында суу тутумдары такыр жок жана 476 айылда суу тутумдары 1950-1970-жылдары курулуп, колдонууга жараксыз абалга келгендиги аныкталган. Жыйынтыгында 822 айылда суу тутумдарын куруу керектиги такталган”, - дейт ал.

Абдыраев кошумчалагандай, учурда 558 млн доллар өлчөмүндө инвестициялар тартылып, 280 айыл, 20 шаарында курулуш иштери жүгүзүүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий