• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүнкү күндө мамлекеттик активдердин баланстык наркы энергетика объекттерин кошпогондо 84 млрд. сомду түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө мамлекеттик активдердин баланстык наркы энергетика объекттеринкошпогондо 84 млрд. сомду түзөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Парламенттин тапшырмасына ылайык, биринчи жолу Мамлекеттик менчикте турган бардык активдерди инвентаризациялоо иши демилгеленген. Бүгүнкү күндө мамлекеттик активдердин баланстык наркы энергетика объекттерин кошпогондо 84 млрд. 420 млн. 334 миң сомду түзөт. Бардык активдердин таза кирешеси 4 жылдын ичинде жыл сайын болжолдуу түрдө 5,1 – 5,2 млрд сомду түзгөн», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө энергокомпаниялардын негизги каражаттарын инвентаризациялоо жана баалоо иштери жүргүзүлүп жатканын эскертти.

«Улуттук энергохолдинг компаниясына караштуу туундуу компаниялардын баланстык наркы 103,7 млрд. сомду түзөт. Бирок, белгилеп кетчү нерсе, бул сумма реалдуу картинаны бербейт. Жергиликтүү эң ири кубаттуулугу 2910 мегаватты түзгөн 6 ГЭСтин наркы болгону 6,97 млрды сомду түзгөн. Ал эми 2010-жылы ишке кирген кубаттуулугу 120 мегаватты гана түзгөн Камбат-Ата 1-ГЭСтин наркы 10 млрд сомду түзүп турат. Ошондуктан биз бүгүнкү күндө энергетика тармагынан бюджетибизге киреше алып келе турган реалдуу сандарды элге ачыктабасак болбойт. Биз мамлекеттик менчикти инвентаризациялоо, баалоо иштерин толугу менен аягына чыгарышыбыз керек», - Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий