• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүнкү күндө медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү – Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

“Бүгүнкү күндө бардык медицина мекемелеринде иштеп жаткан медкызматкерлерге жеке коргонуучу костюмдар, беткап, кол кап, көз айнектер жетиштүү. Алардын саны канча калганы тууралуу маалымат күн сайын алынып турат, бул багытта эч кандай маселе жок”, - деди министр.

Абдикаримов кошумчалагандай, медкызматкерлерге төлөнүп берилүүчү кошумча каражаттар боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып барууда. Жакынкы күндөрү июнь айына кошумча төлөмдөрдү берүү үчүн Каржы министрлигине кат жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий