• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бүгүнкү күндө мектептерде 839 мугалим жетишсиз — Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 18.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы мектептерде 839 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин жетишсиздиги өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң 785тен 839га түштү.

"Башкача айтканда, мугалимдердин жетишсиздиги 3,3 пайызга төмөндөдү. Алсак, Бишкекте 235, Жалал-Абадда 69, Чүйдө 253, Ысык-Көлдө 41, Таласта 30, Нарында 10, Баткенде 113, Ош шаарында 23 жана Ош облусунда 75 мугалим жетишсиз", - дейт ал.

Жусупбекова мугалимдердин жетишсиздиги боюнча мониторинг октябрдын аягында бүтөрүн айтып, сандар дагы азайышы мүмкүндүгүн белгиледи.

"Шаарларда информатика, математика, химия жана физика сабактарынын мугалимдеринин таңкыстыгын байкалууда. Аймактарда болсо башталгыч класстын мугалимдери жетишсиз. Ал эми жогорку окуу жайларында педагогика кесибинде бюджеттик негизде окуп аяктаган студенттер менен иштеп жатабыз. Акы төлөп окугандан кийин мугалим болуп иштеп-иштебейби өздөрү чечет. Мындан сырткары, кыздар турмушка чыгып, эркектер аскерге кызмат өтөөсү дагы өз кесиби менен иштебөөгө алып келүүдө", - деди министрдин орун басары.

Жусупбекова кошумчалагандай, быйыл педагогикалык кесипти 5 миң 138 абитуриент тандаган, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп.

Пикир

Оставить комментарий