• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө Милдеттүү медкамсыздандыруу фондунун бюджетине 8,6 млрд сом түштү - Өскөмбаева

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-августуна карата Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 8 млрд 678 млн 700 миң сом түштү. Бул тууралуу фонддун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.

Өскөмбаеванын айтымында, анын ичинде республикалык бюджеттен 7143,7 миллион сом жана КР Социалдык фондунан 1535,0 миллион сом түшкөн.

«ММК фондунун бюджетинин киреше бөлүгү пландын 95,0 пайызына аткарылды", - деди Клара Оскомбаева.

ММК Фондунун бюджетине түшкөн каражаттардын жалпы суммасы 8,6 млрд сом көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө боюнча төмөнкүдөй пайдаланылды:

- калкка шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн – 130млн 200 миң сом;

- Үй-бүлөлүк медицина борборлору, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, Жалпы дарыгерлер практикалык борборлору тарабынан көрсөтүлүүчү баштапкы медициналык-санитардык жардам үчүн – 2 млрд 501 млн 400 миң сом (алар 6 466 399 катталган калкка жардам көрсөтүшөт, анын ичинде ММК боюнча камсыздырылгандар - 4 558 381 адам);

- Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында стоматологиялык жардам көрсөтүү үчүн – 80 млн 200 миң сом;

- стационарлардагы медициналык кызмат көрсөтүү үчүн – 4 млрд 463 млн 800 миң сом;

- кургак учук менен ооругандарды стационардык дарылоо үчүн – 338 млн сом;

- онкологиялык жана гематологиялык кызмат көрсөтүү үчүн – 130 млн 700 миң сом;

- адистештирилген кардиохирургиялык кызмат көрсөтүү үчүн – 30 млн 400 миң сом;

- адистештирилген психиатриялык жардам үчүн – 166 млн 8 миң сом;

- ММКнын Кошумча программасы боюнча камсыздандырылган жарандарга сатылган дары-дармек каражаттары үчүн дарыканаларга 175 млн 200 миң сом;

- 2021-жылдын 7 айында бардыгы болуп 701,9 миң жеңилдетилген рецепт жазылып берилген;

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча 5 мониторинг жүргүзүлүүчү ооруну дарылоо үчүн дары-драмек каражаттарынын ордун толтурууга – 32 млн 300 миң сом;

- 1 775 бейтапка көрсөтүлгөн гемодиализ кызматы үчүн – 622 млн 7 миң сом, алар 127 миң 843 сеанс алышты.

Пикир

Оставить комментарий