• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө Ош облусу дээрлик 100 пайыз үрөн менен камсыз болду — Айыл чарба министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ош облусу дээрлик 100 пайыз үрөн менен камсыз болду. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде министр Аскарбек Жаныбеков түштүк жергесине болгон иш сапарында Ош облусунун жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча түзүлгөн штабдарын кыдырып, алардын иши менен таанышты.

Мындай штабдар ар бир региондо түзүлүп, аны өкмөттүн айыл чарба тармагына жооптуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жетектейт.

Штабдын отурумунда суу чарба, ветеринария, үрөн өстүрүү, технологиянын абалы боюнча жооптуу бардык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле акимдер, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү, айрыкча үрөн, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо, техниканын даярдыгы жөнүндө маалымат берилди.

Мындан тышкары, тармактардын сугатка даярдыгы жана быйыл сугат иштери менен камсыз кылуунун божомолдуу түрүндө маалымат берилди.

Алдыдагы министрликтин иш пландары жөнүндө, Кыргызстанда өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбасын, ветеринарияны өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасала тургандыгы жөнүндө маалымат берилип, министр бир катар суроолорго жооп берди.

Бүгүнкү күндө Ош облусу дээрлик 100 пайыз үрөн менен камсыз болду, айрым өсүмдүктөрдүн жетишсиздиги жакынкы күндөрү чечилет.

Эске сала кетчү жагдай, министрдин Россияга, Өзбекстанга жана Казакстанга болгон иш сапарларынын жүрүшүндө, үрөндүн жаңы сорттору менен камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Өзбекстан 500 тонна пахта жана 1000 тонна күздүк буудай, Казакстандан - 1000 тонна үрөн, Россиядан 4500 тоннага жакын үрөн келет. Мунун бардыгы сорттун өзгөрүшүн жүргүзүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн бир кыйла жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий