• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө Ош шаарында дарыгерлерди 30 автобус жана 2 кичи автобус ташууда - вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 16.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө Ош шаарында дарыгерлерди 30 автобус жана 2 кичи автобус ташууда. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаарда 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана 8 клиникалык оорукана бар.

"Алардын баарына 30 автобус уюштуруп бергенбиз. Андан сырткары, 2 күзөттө турган кичи автобус да бар. Унаалардын күйүүчү майы мэрия тарабынан каржыланууда жана автобустарга куюлган бензиндердин чыгымы 1 млн сомго жетти", - дейт ал.

Топчубаев кошумчалагандай, учурда 10 айдоочу милиция кызматкерлерине бөлүнүп берилген 5 автобусту тейлеп, иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий