• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күндө президенттик башкаруу кыйла натыйжалуу болот – Конституциялык кеңешменин мүчөсү

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Өлкөдөгү экономикалык жана саясий кризис учурунда бизге татыктуу жетекчи керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Конституциялык кеңешменин мүчөсү Мурат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда парламенттик башкаруу формасын колдогон эксперттер тобу бар.

"Карапайым калкка жоопкерчиликти моюнуна ала турган бир жетекчи керек. Бул учурда бийлик жакшы шарттарды түздү. Алсак, башкаруу формасын тандоону элге койду", - дейт ал.

Иманкулов конструктивдүү парламентаризмге өткөнгө чейин президенттик башкаруу формасы натыйжалуу экендигин белгиледи.

"Эч ким парламентаризм жаман деп айткан жок. Бирок кырдаалды эске алганда президенттик башкаруу формасы бүгүн кыйла натыйжалуу болот. Анткени жоопкерчилик бир адамга жүктөлөт”, - деди эксперт.

Пикир

Оставить комментарий