• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүнкү күндө тажрыйбалуу пульмонологдор жетишсиз – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө тажрыйбалуу пульмонологдор жетишсиз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө медкызматкерлер арасында коронавирусту жуктуруп алгандар көп болууда.

“Тез жардам кызматы үлгүрбөй жатат. Анткени, кечээ эле 4 миңден ашык кайрылуу болду. Мындан улам премьер-министрдин тапшырмасы менен башка мамлекеттик органдардагы тез жардамды бөлдүк. Кечээ кошумча 15 тез жардам унаасы ишке кирди. Эгер мүмкүнчүлүк болсо жеке унааңыздар менен ооруканага барсаңыздар болот. Кээде түшүнбөстүктөр болуп, бир гана тез жардам кызматынын унаасы менен келүү керек деген маалыматтар болуп жатат. Бирок бүгүн расмий түрдө айттык, бөлүм башчы, кезекте турган медкызматкер болобу баарына тапшырма берилди. Оор абалда боло турган болсо, ал жаранды ооруканага жаткырууга мажбур”, - дейт ал.

Каратаев оору жеңил түрдө өтүп жаткан жарандарды үй шартында калуу керек деген алгоритм чыкканын айтат.

“Ошондой эле 118 кызматына кайрылуулар көп болууда. Операторлордун санын көбөйтүү боюнча тапшырма алдык. Бүгүнкү күндө тажрыйбалуу пульмонологдор жетишсиз. Көпчүлүгү ооруп дагы калууда. 118 кызматындагы операторлордун баарын пульмонологдор менен алмаштыра албайбыз, ал жерде иштеген операторлорго кандай суроо болсо кандай жооп бериш керектиги жазылган кагаз берилген. Ага ылайык иштөөдө”, - деп белгиледи Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жалпы 5296 учур катталды. Алардын ичинен 830у медицина кызматкери. Илдеттен 2370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий