• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө чейин 118 колл-борбору 180 миңдей чалууну кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин 118 колл-борбору 180 миңдей чалууну кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күнү-түнү 118 колл-борборунда клиникалык ординаторлор, өз ыктыяры менен келген дарыгерлер КРнын Саламттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча шаардыктарга акысыз медициналык кеңештерди беришти.

“Бүгүнкү күнгө чейин 118 колл-борбору 179 миң 707 чалууну кабыл алды. Анын ичинен июль айында чалуулар көп болуп, 108 миң 54 чалууга жетти. Бишкекте чалуулардын рекорддук саны июнь айында 42 миң 421 кайрылууга жеткен. Өлкө боюнча август айында 18 миң 776 кайрылуу катталды”, - деп маалымдашты муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, 6-апрелде Бишкек шаарынын мэриясы КРнын Саламаттык сактоо министрлиги, Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, «Медициналык билим берүүнү реформалоо» швецариялык долбоору жана «Кыргызтелеком» ААК менен биргеликте «Өзүн-өзү диагноздоо 118» долбоорун ишке киргизген.

«Медициналык билим берүүнү реформалоо» швецариялык долбоорунун эсебинен 118 кызматы улуттук деңгээлге чыгып, чалууларды кабыл алуучу борборлор ачылды.



Пикир

Оставить комментарий