• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүнкү күнгө чейин 118 ыкчам байланыш номерине 18 миңден ашык чалуулар болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 18.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин 118 ыкчам байланыш номерине 18 миңден ашык чалуулар болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номери президенттин аппаратынын демилгеси менен түзүлгөн.

"Бишкекте колл-борбор үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде иштей баштаган. Аймактарда 15-майдан тарта жарандардын кайрылууларын кабыл ала баштады. Учурда өлкө боюнча 8 колл-борбордо 32 оператор иштеп жатат. Республика боюнча жалпы 18 миң 387 жарандан чалуулар болгон. Бишкек боюнча 14 миң 232, Чүй боюнча 671, Ысык-Көл боюнча 72, Талас боюнча 312, Нарын боюнча 163, Жалал-Абад боюнча 1 миң 377, Ош боюнча 1 миң 452 жана Баткен боюнча 101 чалуулар орун алган", - дейт ал.

Исмаилова жарандардан эң көп чалуулар Бишкекте болгонун айтат.

"Апрель айында 5 миң 312 чалуу болсо, орточо алганда суткада 170 кайрылуу түшкөн. Майда 4 миң 400 чалуу, орточо 141 кайрылуу, ал эми июнда 4 миң 520 чалуу болду", - деп белгиледи ал.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы кошумчалагандай, кайрылгандардын 27%ы 20дан 30 жашка чейинки жарандар, 23%ы 30дан 40ка чейин, 15%ы 50дөн 60ка чейин, 8%ы 60тан 70ке чейинкилер жана андан жогорку жаштагылар калган пайызды түзөт.

"118 кыска номери коронавируска байланыштуу суроолорго гана жооп берет. Айрымдар тез жардам кызматынын келүүсүн суранып, чалгандар бар. Ошондой эле анализдеринин жыйынтыгын сурап жатышат. Бизге анадиздердин жыйынтыгы келбестигин дагы бир жолу эске салам", - деди Исмаилова.

Белгилей кетсек, 18-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2657 учур катталды. Алардын ичинен 509у медицина кызматкери. Илдеттен 1933 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 31 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий