• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Күндүзгү жана түнкү стационарларга 41,6 миңден ашуун адам кайрылды - Бишкектин вице-мэри

COVID - 19 0

Бишкек, 17.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында 16-июлга карата күндүзгү стационарга 41 миңден ашык жаран, түнкү стационарга 683 адам кайрылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, күндүзгү стационарларга кайрылгандардын ичинен 29 миң 705 жаран капельница алган. 11 миң 366 киши медициналык кеңеш алса, 227 бейтап ооруканаларга жаткырылган. Илдеттен 10 адам каза болду.

“Ошондой эле 14-июлдан баштап эки түнкү стационар иштеп баштады. Ал жерде 34 медкызматкер жана 5 ыктыярчы иштөөдө. Ошондой эле 4 дарыкана жарандарга кызмат көрсөтүүдө. 51 кычкылтек концентратору бар. 15-16-июлга карата 683 адам түнкү стационарга кайрылган. Алардын 282си капельница алган, 397си медициналык кеңеш алса, эки бейтап ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, эки адам каза болду”, - дейт ал.

Алымкулов белгилегендей, түнкү стационарлар кечки саат 20:00дөн 08:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий