• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту аныктай турган 24 миң 885 анализ жасалды - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту аныктай турган 24 миң 885 анализ жасалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 8 миңге жакын ПЧР анализдери даяр турат.

"5-февралдан тартып бүгүнкү күнгө чейин алынып келинген жалпы анализдердин саны 24 миң 885ти түзөт. Ошол анализдердин баарынын жыйынтыгы чыгарылды. Алардын ичинен 419 жаранда коронавирус катталды", - дейт ал.

Боронов маалымдагандай, Кыргызстандагы 9 лаборатория бир күндө 1 миң 400гө жакын анализди чыгара алат.

13-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 419га жетти. Алардын ичинен 79у медицина кызматкер. Коронавирустан 67 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий