• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту аныктоо боюнча 919 изилдөө жүргүзүлдү - Чолпонбаев

Ден соолук 0


Бишкек, 28.02.20. /Кабар. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту аныктоо боюнча 919 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, бардык жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары терс чыккан.

"Кыргызстандын чек ара аймагында 22 санитардык-карантиндик жер бар. Ал жерде күнү-түнү эпидемиологдор, жугуштуу ооруларды көзөмөлдөгөн дарыгерлер жана башка медициналык кызматкерлер иш алып барууда", - дейт министр.

Саламаттык сактоо министри кошумчалагандай, Кыргызстандын аймагында коронавирус илдетин жуктуруп алган учур катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий