• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүнкү күнгө чейин шайлоого байланыштуу 408 мыйзам бузуу катталды — ИИМ

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин парламенттик шайлоого байланыштуу 408 мыйзам бузуу катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 408дин ичинен 67си кылмыш, 76сы жорук, 265и электрондук маалымат журналына катталган.

“265тин ичинен 175и кылмыш жана жоруктун курамы аныкталбагандыктан чыгышталган. Анын ичинен 37 фактысы аймактык шайлоо комиссиясына жиберилген. Ошондой эле 22си учурда каралууда. Шайлоо баннери боюнгча 72 факты катталды”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий