• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек ЖЭБ кышка болжол менен 70% даяр – Воропаев

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарынын ЖЭБи кыш мезгилине болжол менен 70 пайызга даяр, - деп билдирди ЖЭБдин директору Андрей Воропаев калаа мэриясынын коллегиялык жыйынында.

Воропаев билдиргендей, кышында ЖЭБде авария болбойт деп кепилдик берүү кыйын.

“Кепилдик берүү кыйын, мен бул боюнча бир нече жолу айтканмын, бирок ошентсе да айта кетүүчү нерсе эртең станцияга 57 жыл болот. 57 жыл аралыгында мындай авария биринчи жолу болду. Ошондуктан мен мындай аварияга башка жол бербейбиз деп ойлойм. Анын үстүнө жыл башындагы авария кызматкерлердин айынан болгон”, - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий