• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө карата Евробиримдик КРга сууга байланыштуу долбоорлорго 54 миллион евро бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 08.11.18. /Кабар/. Суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга колдоо көрсөтүү - Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы өнүгүү тармагындагы кызматташтыктын артыкчылыктарынын бири.

"Кабар" агенттигине Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча инвестициялык фонду Кыргызстандагы сууга байланыштуу долбоорлорго грант түрүндө 54 миллион евро бөлгөн.

Колдоо Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Токмок, Талас жана Жалал-Абад шаарларынын муниципалитеттерине жана муниципалдык ишканаларына суу түтүктөрүнүн, тазалоочу жана канализациялык системаларын жалпы калыбына келтирүү үчүн багытталган.

"Аталган гранттар шаарлардагы маанилүү суу инфраструктурасын жакшыртууга, заманбап өлчөөчү жана каттоочу системаларды, шаймандарды киргизүүгө, башкарууну жакшыртууга, тазалоочу системаларды модернизациялоого шарт түзөт. Бул кызматтардын баары учурда кыргызстандыктардын үчтөн бир бөлүгүнө гана жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары жогоруда айтылган инвестициялык гранттар суу системасын башкаруунун заманбап жана натыйжалуу ыкмаларын киргизүүгө шарт түзөт.

"Ошондой эле Евробиримдик суу ресурстарынын аймактык каттоо жана мониторинг системасын түзүү үчүн укуктук жана регулятивдик базаны иштеп чыгууну, аймактын суу артерияларына таасирин тийгизген Борбордук Азиядагы уран калдыктарын сактагычтарын калыбына келтирүү үчүн потенциалды жогорулатууну колдойт. Евробиримдик Кыргызстандын өкмөтүнүн суу ресурстарын башкаруу тармагындагы реформаларды ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерин алдыда дагы колдомокчу", - деп кошумчалашты Евробиримдиктен.

Пикир

Оставить комментарий