• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүнкү күнгө карата келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерилди – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 50 миң 775 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 50 миң 775ти түзөт. “Келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерүүдөн өттү. Сутка ичинде 1 миң 795 изилдөө жүргүзүлдү”, - деди Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 729га жетти. Алардын ичинен 437 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий