• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 52 миң 748 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 52 миң 748 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 53 миң 140ты түзөт. “Алардын ичинен 52 миң 748 изилдөө жүргүзүлдү”, - деди Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 504 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий