• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 53 миң 580 изилдөө жүргүзүлдү - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 53 миң 580 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 53 миң 662ни түзөт. “Алардын ичинен 53 миң 580 изилдөө жүргүзүлдү”, - деди Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 769га жетти. Алардын ичинен 527 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий