• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар - Чодуев

Коом 0


Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн жер семирткичтери жетиштүү көлөмдө. “Азыркы убакта өлкөдө 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Бирок, белгилеп кетчү жагдай, доллардын өсүшү менен жер семирткичтерге карата болгон баа да бир аз көтөрүлдү. Жер семирткичтер – аммиак селитрасынын орточо баасы 19,5-21 сом, карбамид – 22 сом, аммофос – 28-30 сомду түзүүдө”, - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий