• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүнкү кырдаал бир гана биздин эл үчүн эмес, медиктер үчүн да оор болууда − Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүнкү кырдаал бир гана биздин эл үчүн эмес, медицина кызматкерлери үчүн да оор болуп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалымат жыйында оору жуктуруп алган дарыгерлерге кандай тамактар берилип жатат деген суроо узатылды.

“Акыркы күндөрү өлкөдөгү кырдаал оор болуп жатканын айтып кетүү керек. Кырдаал бир гана биздин эл үчүн эмес, медицина кызматкерлери үчүн да оор болуп жатат. Медицина кызматкерлери акыркы күчүн жумшап иштеп жатканын түшүнөбүз. Биздин медицина кызматкерлери сулу буламыгын жеп жаткан видео чыкты. Медицина кызматкерлери арасында нааразычылыктар болуп жатат. Медицина кызматкерлерине үч маал тамак берилет. Бейтаптарды кабыл алып иштеп жаткан бардык саламаттык сактоо мекемелери керектүү нерселер менен камсыз болуп жатат, жок дегенде бардык керектүү нерселер менен камсыз кылууга аракет кылып жатабыз. Обсервацияда, мобилдик топто иштеген тигил же бул медицина кызматкерине же дарыгерлер бригадасына тамак-аш же жеке коргонуучу каражаттар жетпей жатат деген маалымат келсе, Саламаттык сактоо министрлиги ар бир маалыматка жооп берүүгө аракет кылууда”, - деди ал.

Аны менен бирге ал интернетке чыккан айрым видеолорго түшүндүрмө берди.

“Маселен, 30-июнда №1 шаардык ооруканасында медициналык жардам алуу үчүн кайрылган бейтап кызды өз убагында кабыл албай жатат деген окуя болгон. Ал оорукана жаңы ачылуу процессинде болгону менен бейтаптардын агымы көп болгон. Ал бейтап кыз интенсивдүү терапия палатасына жаткырылган. Бүгүн анын абалы орточо оор болуп, кадимки палатага которулат. Медициналык кызматкерлер тез жардам унаасын түртүп жаткан бир видеого токтоло кетсем, ооба, бүгүнкү күнү дарыгерлер күнү-түнү жаны тынбай иштеп жатышат. Андай учурлар болуп жатат. Техника деген техника экен, бейтапка бара жатканда бузулуп, токтоп калат экен. Дарыгерлер бейтаптарды куткарууга баруу үчүн болгон аракетин жумшап жатышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий