Бүгүнкү маалымат жыйыны өз максатына жетти - эксперт

Коом 0

Бишкек, 25.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда салтка айланып калгандай жыл жыйынтыктаган маалымат жыйыны болуп, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда республика үчүн маанилүү болгон суроолор узатылып, экономика жана социалдык маселелер боюнча сөздөр айтылды.

"Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиевдин пикири боюнча, бүгүнкү маалымат жыйыны өз максатына жетти.

"Коомчулук өлкө кандай өнүгүп жаткандыгы, алдыдагы максаттар жана кадамдар тууралуу мамлекет башчысынын өз оозунан укканга көнгөн. Жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынын өткөрүү салтка айланып калган. Экономикалык суроолорго ынанымдуу жооптор болду. Андан тышкары, абдан курч суроолор да узатылды. Сооронбай Жээнбековдун жообунан айрым маселелер бар экендиги жана ал алардын үстүнөн иштеп, чечүүгө аракет жасап жаткандыгы көрүнүп турду", - дейт эксперт.

Кошалиев кошумчалагандай, президенттин негизги жетишкендиги - коомдогу туруктуулук болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий