• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бөгөт чарасын аныктоо үчүн Манас Арабаев Биринчи май райондук сотуна алынып келди

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Бөгөт чарасын аныктоо үчүн президент аппаратынын мыйзамдуулук жана соттук реформа бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Биринчи май райондук сотуна алынып келди.

УКМК билдиргендей, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 319-берене ("Коррупция") боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагындагы ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө М. Арабаевдин жогорудагы кылмышка катыштыгы аныкталган.

М. Арабаев 2-июнь күнү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий