• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бөйрөк оорусу барлар COVID-19га каршы сөзсүз эмделиши керек — министрлик

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оорусу бар адамдар эмне үчүн COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керектигин билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, узакка созулган жогорку ысытма (жогорку температура), ошондой эле көптөгөн дары-дармектерди колдонуу бөйрөктүн иштешин бир топ начарлатып, жасалма бөйрөк аппаратынын жардамында бөйрөктү алмаштыруучу терапияны баштоо зарылдыгы менен анын оор жетишсиздигине чейин алып барат.

Эреже боюнча коронавирус пневмониясы учурундагы дем алуу жетишсиздигине бөйрөк жетишсиздиги кошулуп, бул оорунун диогнозун олуттуу начарлатат. Ошондуктан бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен жабыркаган адамга коронавирустун жугушун алдын алуу өтө маанилүү.

Бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптарды эмдөө кылдаттык менен жүргүзүлүшү керек, анткени бөйрөктүн оорусунун себеби ар түрдүү оорулар болуп калышы мүмкүн, мисалы аутоиммундук, анда кандайдыр бир эмдөөгө реакция болуп кетиши ыктымал. Ошондуктан эмдөө тууралуу чечим дарылоочу дарыгер менен биргеликте кабыл алынышы керек.

Пикир

Оставить комментарий