• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бөлмөдө кайсы гүлдөр сөзсүз болушу керек?

Дүр дүйнө 0

Байыртадан адамдар жаратылыш менен тыгыз байланышта болуп келишет. Табийгат адамдарга кооз гүлдөрүнүн жагымдуу жытын гана эмес, күч-кубат берип, саламаттыгына кам көрүп келет. Адамдар эзелтен эле айрым өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттери бар экенин билишип, аларды колдонуп жүрүшөт.

Ошондуктан адамдар жандуу жаратылыштын бир үзүмүн болсо да турак жайына коюуга умтулушат. Азыркы заманда өсүмдүктөр батирлерди жана кеңселерди кооздоо үчүн эле эмес, абаны “тазалоочу” дагы касиетке да ээ.

Алар абаны кычкылтек менен эле байытып тим болбостон, көптөгөн патогендик микроорганизмден арылтат. Ошондой эле, алардан бөлүнүп чыгарылган заттар адамдын организмине жакшы таасир берет. Алардын айрымдары зыяндуу заттардан жана нурлардан сактайт.

Пайдалуу бөлмө өсүмдүктөрүнүн бири хлорофитум болуп саналат. 20 чарчы метр аянттуу бөлмөдөгү абаны тазалоо үчүн 6 даана гүл жетиштүү.

Хлорофитумдун жалбырактары синтетикалык материалдардан чыккан токсиндик заттарды соруп алат. Газ күйгөндө бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды да өзүнө соруп алгандыктан, бул гүлдү ашканага коюу орундуу.

Уулуу заттарды соруп алууга кадимки чырмоок, спатифиллиум, драцена, хамедорея жөндөмдүү. Айрыкча хамедорея унаалар көп каттаган чоң жолдун боюндагы үйлөргө сунушталат.

Ушундай эле кызматты фикус аткарат. Ал абаны кычкылтек менен байытып, токсиндерди тазалап, микроорганизмдерди жок кылган фитонциддерди бөлүп чыгарат. Бул өсүмдүк күндүз кычкылтекти иштетип, түнкүсүн аны менен азыктангандыктан уктоочу жана айрыкча балдардын бөлмөсүнө бул гүлдү коюуга болбойт. Ага ашкана жана терезелери жол боюн караган бөлмөлөр абдан ылайык келет.

“Кайнененин тили” же “жылан териси” аталган сансевиерия гүлүн кычкылтектин генератору деп койсок болот. Ал адамдардын организмине өзгөрүлгөн шарттарга ылайыкташууга жардам берип, иммунитетин көтөрөт. Ошону менен катар сасык тумоодон, абанын басымынын өзгөрүүсүнүн, абанын нымдуулугунун терс таасирлеринен коргойт.

Герань (Pelargonium) же пеларгония нерв системасынын бузулушунда “үй дарыгеринин” милдетин аткара алат. Герандын жыты нервдин чыңалуусун азайтып, уйкусуздукта, невроз, стресс жана онкологиялык ооруларда жардам берет. Андан бөлүнүп чыккан гераниол заты антивирустук жана антибактериялык таасирге ээ. Стафилококк жана стрептококк вирустарын өлтүрөт. Герань көмүр газын жана нымдуулукту соруп алып, чымындарды качырып, абаны тазалайт. Ошондуктан бул гүл уктоочу бөлмөдөн тышкары, ашканага да ылайыктуу.

Бөлмөдө өстүрүлгөн лимон мөмөсү менен эле баалуу эмес. Анын жалбырактары 85 дарылык касиетке ээ, абаны да тазалайт. Лимон өскөн бөлмөдө оору козгоочу организмдердин көбөйүүсү токтойт. Лимондун жалбырактарындагы эфир майлары жогорку кан басымын түшүрүүгө, адамга сергектик тартуулап, мээнин иштещин жакшырта алат.

Баарыбызга белгилүү болгон алоэ антибактериялдык, ооруга каршы, өт айдоочу, жарат айыктыруучу жана күйүккө каршы каражат катары бааланат. Ошондой эле табитти жакшыртуу, тамак-аш сиңирүү органдарынын ишин жакшыртуу, жабыркаган ткандарды калыбына келтирүүнү тездетүү касиетине ээ. Ал түнкүсүн кычкылтек бөлүп чыгаргандыктан, аны уктоочу бөлмөгө коюу кажет.

Өнөкөт оорулары бар адамдарга аспарагус табылгыс каражат. Анын бөлмөдө болушу сыныктын бүтүшүнө, жабыркаган теринин калыбына келишине жакшы таасир берет. Өпкө ооруларына дагы оң таасир бере алат. Ал абадан оор металлдарды өзүнө сиңирет.

Өнөкөт бронхит, өпкөнүн эмфиземасы, бронхалык астма, дем алуу органдарынын ооруларынан жабыркагандар үйүнө розмаринди өстүрүүсү кажет.

Мирт жана бересклет, эвкалипт жана каланхое иммунитетти жогорулатып, сасык тумоодон коргойт. Драцена, амариллис, гипеаструм агапантус, зиферантес вирусту сарымсактан дагы тез өлтүрө алышат.

Эксперттер абаны натыйжалуу тазалоо үчүн бир адамга 10 даана хлорофитум, 4 даана герань, бирден - лимон, филодендрон же лианалар, бир нече кактус болушу керектигин айтышат.

Пикир

Оставить комментарий