• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бөлтүрүк «Кумтөрдөн» каржыланган «Ысык-Көл өнүктүрүү» фондунун каражатын ачык-айкын бөлүштүрүү маселесин көтөрдү

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев менен жолукту. Бул тууралуу Бөлтүрүк өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, жолугушууда бир катар маанилүү делген көйгөйлөр, анын ичинде «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунун алкагында өз ара кызматташуу тууралуу маселелер талкууланды.

«Фонддун каражаттарын көзөмөлдөө жана ачык-айкын бөлүштүрүү маселесин көтөрдүм. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санын беш адамга чейин кыскартуу зарыл деп эсептейм, анын курамына «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын өкүлдөрү кириш керек. Экинчи маанилүү нерсе, биздин финансы менеджери кирген текшерүү комиссиясын түзүү. Каражаттар азыркыдай болуп, жылына бир жолу эмес, ай сайын текшерилип турушу керек», - деген Бөлтүрүк.

Ал белгилегендей, фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу, каржылоонун жаңы эрежелерин, принциптерин киргизүү, аймактын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына көңүл буруу маанилүү.

Белгилей кетсек, Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы боюнча дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий