• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бүркүттөй, сулуу жана чыныгы жигит – россиялык жылдыздар Кыргызстандык бала тууралуу

Коом 0

Бишкек, 6-март /Назгуль Нурманбетова – Кабар/. Кыргызстандык Урмат Мырсаканов россиялык “Ты – супер!” музыкалык долбооруна катышып, кийинки баскычка өттү. Белгилей кетсек, НТВ (Россия) каналында башталган “Ты – супер!” вокалдык сынагына КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн балдар үйлөрүнүн 7-18 жаштагы тарбиялануучулары катышууда.

Бул музыкалык-социалдык долбоор жашоонун кыйын шарттарында калган балдарга өз тагдырларын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Долбоордун жеңүүчүсү менен ири музыкалык компания келишим түзүп, артисттин кийинки келечегин колго алат. Урмат Мырсаканов – Кыргызстандан жалгыз катышуучу, ал балдар үйүндө иниси жана карындашы менен жашайт. Урмат Адам Ламберттин «Welcome to the Show» ырын аткарды.

Сынактын калыстары - Россиянын эмгек сиңирген артисти, продюсер Виктор Дробыш, опера жана эстрада ырчысы Маргарита Суханкина, ырчылар Елка жана Стас Пьеха. Сынакта жашыл калыстардын 3 мүчөсү (Елка, М.Суханкина жана В.Дробыш) жашылды басышып, Урмат кийинки баскычка өттү. Ырчы бала калыстарга абдан жагып, анын аткаруучулук деңгээлин гана эмес, анын жылдыздуулугуна да баа беришти. М.Суханкина бул кичинекей балада мырзалык өзөк бар экенин белгилеп, чыныгы жигит атады. В.Дробыш Урматты бүркүттөй жана сулуу бала деп баа берди. Елка колдоо иретинде баскычты биринчи болуп басса, С.Пьеха анын көп кырдуу талантын белгилеп, мульти кесипкөй адам деп айтты. Анткени ал ырдайт, бийлейт, футбол, сууда сүзүү, стол тенниси менен алектенет, кино жана англис тилине кызыгат. Урматты колдоп, «Sputnik» ресурсунда добуш берүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий