• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бүт өлкө интернетке кошулууда – премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Бүт өлкө интернетке кошулууда, учурда 25 миң км линия тартылды, - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өлкөнүн бюджети тууралуу талкуу учурунда.

Өкмөт башчы билдиргендей, анын ичинде 394 саламаттык сактоо, 2106 мектеп, 407 күч түзүмдөрү боюнча, 115 сотко караштуу объекттерге жана 207 айыл өкмөткө интернет жетти.

Жарандарга электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жакшырууда: - 77 маалыматтык база түзүлдү, “Түндүктүн” астында 63 мамлекеттик органды, 23 коммерциялык уюмду жана 77 маалыматтык базаны бириктирүүгө мүмкүн болду, 110 кызмат жана сервис көрсөтүлүүдө, жыл аягына чейин 189га жетет, 383 маалыматтык сервистер иштеп баштады.

"Санарип – калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө, ар бир жарандын жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип жатат. Дүйнөнүн ар кайсы точкасына Кыргызстандагы электрондук кызматтар жеткиликтүү болууда", - деген өкмөт башчысы, санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан жалпысынан 500 млн сом бөлгөндүгүн эске салды.

Пикир

Оставить комментарий