• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын качан, кайдан жана кантип алса болот? — жооп

Билим 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинен быйыл мектепти аяктай турган мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын качан, кайдан жана кантип алса боло тургандыгын айтып беришти.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аттестат, күбөлүктөр 18-20-июнда берилет. Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе, аттестаттар бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат.

"Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алып кетишет. 20-июнга чейин аттестат, күбөлүктөр бардык бүтүрүүчүлөрдүн колунда болуп калуусу шарт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичнен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. Ал эми 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.

Пикир

Оставить комментарий