• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечелерине чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Мектептерде өткөрүлүп келген бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечелерине чектөө киригизилет. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 25-майда 10, 20, 30 жыл мурда мектепти аяктагандардын жолугушууларына чектөөлөр киргизилет. “Бардыгы өлкөдөгү азыркы убакта болуп жаткан кырдаалга туура түшүнүү менен карайт деп ишенем” , - деди ал.

Министр кошумчалагандай, быйыл мектептерде окуу жылы дистанттык түрдө аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий