• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүтүрүү кечелерин утурлай милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бүтүрүү кечелери өткөн маалда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Чүй облустук милиция башкармалыгы билдиргендей, 21-25-июнь күндөрү мектептерде бүтүрүүчүлөргө окуу күбөлүгүн тапшыруу жана бүтүрүү кечелери өтө тургандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Ошондой эле Бишкек шаардык милициясы, ар бир мектеп, көңүл ачуучу борбор жана парктарда коомдук тартип көзөмөлгө алынарын билдирет.

Бишкекте коомдук тартипти кароого 600дөн ашык кызматкер, ал эми Чүй облусунда 700дөн ашык кызматкер чыгат.

Пикир

Оставить комментарий