• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүтүрүү кечелеринде эч кандай кырсык катталган жок - милиция

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Бүтүрүү кечелеринде эч кандай кырсык катталган жок, - деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылган. Быйыл жалпысынан шаардагы 102 мектептен 6 миң 11 окуучу мектепти аяктаган.

Бүтүрүү кечелерин өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жалпысынан 600 милиция кызматкери тартылган.

"Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий