• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында сынактык көргөзмөлөрдүн ачылышы

Коом 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Кыргызстанда 27-марттан 2-апрелге чейин “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” (Global Money Week) өтүп жатат.

2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы Эл аралык балдарга жана жаштарга каржылык билим берүү коомчулугунун (Child and Youth Finance International, CYFI) “Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп каражат тапкыла” ураанынын алдында өтөт.

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын жабылышына арналган маалымат жыйыны 3-апрелде К.Баялинов атындагы Республикалык китепканада 11:00дө өтөт.

Ага КР Улуттук банкынын өкүлдөрү, каржы жана насыялык уюмдардын, ишкер түзүмүнүн, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Жумалыктын жабылыш салтанатында “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” алкагында өткөн сынактардын жыйынтыгы жарыяланат.

Салттуу түрдө жумалыкты сүрөт жана фотография сынагына катышкан балдардын эмгектеринин көргөзмөсү жыйынтыктайт.

Пикир

Оставить комментарий