• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүткүл дүйнөлүк футбол ассоциациясынын президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келиши мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Бүткүл дүйнөлүк футбол ассоциациясынын президенти (FIFA) Джанни Инфантино менен жолугушту. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташтык маселелерин талкуулашкан.

“Инфантино кыргыз футболунун өнүгүүсүндө болуп жаткан прогрессти баса белгилеп, жакынкы убакта Кыргызстанга келүүнү каалап жүргөндүгүн билдирди”, - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Жолугушуудан кийин Маматов Франциянын мурунку жарым коргоочусу, азыркы учурда ФИФАнын социалдык долбоорлор боюнча фондунун жетекчиси Юрий Джоркаефф менен маектешип, “Легендалар” программасын кайра жандандырып, футболдун дүйнөлүк жылдыздарынын Кыргызстанга келүүсүн уюштуруу ниетин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий