• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүткүл дүйнөлүк калктар күнү – сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети Бүткүл дүйнөлүк калктар күнүнө карата атайын маалыматтардын топтомун даярдаган.

1990-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы эл аралык майрам - Бүткүл дүйнөлүк калктар күнүн (World Population Day) белгиледи, аны калктын жайгашуу маселелерине, жалпы өнүгүү программаларына жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө үчүн жыл сайын 11-июлда белгиленет. Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк калктар күнү белгилүү бир темага арналат, 2021-жылда да республиканын кеңири коомчулугунун көңүлүнө коронавирус инфекциясынын (COVID-19) калктын төрөлүүсүнө тийгизген таасири боюнча маселелер көрсөтүлдү.

Акыркы жылдары калктын санынын өсүшүнүн жогорку көрсөткүчтөрү Кыргызстан үчүн мүнөздүү болду (жылына 2,0-2,1%), бирок 2020-жылы калктын өсүү темпи 1,7% түздү. Калктын санынын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Ош шаарында (3,1%), Баткен облусунда (2,0%) жана Бишкек шаарында (1,9%), төмөнкү денгээли - Ысык-Көл (1,2%) жана Нарын облусутарында (0,9%) белгиленди.

2020-жылы калктын табигый өсүү көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө COVID-19 менен байланышкан калктын өлүмүнүн өсүшү, ошондой эле төрөттүн деңгээлинин кыскарышы олуттуу таасирин тийгизди. Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясына жана Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 31-мартынан 21-майына чейинки мезгилде туулгандыгы, каза болгондугу, никеге турганы жана ажырашкандыгы жөнүндө жарандык абалдын актыларын каттоо ЖААК органдарында жүргүзүлгөн эмес.

2021-жылдын башында Кыргыз Республикасынын калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түзгөн. Ошол эле учурда, басымдуу үлүшү айыл калкына - 66% , же 4 миллион 354 миң адам туура келген, ал эми шаар калкынын үлүшү үчтөн бир бөлүктөн көбүрөөк - 34%, же 2 миллион 283 миң адамды түздү.

2020-жылы эркектерге караганда аялдардын санынын басымдуулугу сакталды, бул жалпы республиканын калкы үчүн мүнөздүү. 2021-жылдын башында эркектер 3 миллион 294 миң адамды (49,6%) жана аялдар - 3 миллион 343 миң (50,4%) түзгөн. Бирок төрөт көп болгон региондордо (Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында) эркектердин саны аялдардын санынан ашат.

ЖААК органдарынын маалыматы боюнча, 2020-жылы 158,1 миң төрөт катталган (2019-жылы 173,5 миң). Ошол эле учурда, төрөттөрдүн жалпы санындагы кыздардын жана эркек балдардын салыштырма салмагы акыркы бир нече жыл ичинде, тиешелүүлүгүнө жараша, 49% жана 51 түзүү менен өзгөрүүсүз калган.

Бала төрөгөн учурда эненин орточо жаш курагы акыркы бир нече жыл ичинде өзгөрүүсүз калуу менен 28,1 жашты түзгөн. Мурдагыдай эле, ымыркайлардын көбү 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдардан төрөлөт (2020-жылы төрөлгөн балдардын 60,7%), бирок акыркы жылдары ушул курактан улуу аялдар төрөгөн учурлардын өсүшү белгиленүүдө.

Муну менен катар, никеге турганга чейинки курактагы (15-17 жаштагы) кыздардын төрөт көрсөткүчү 2019-жылдагы ушул курактагы 1000 кызга 5,7 баладан 2020-жылы 4,3 балага (дээрлик 1,5 эсеге) чейин төмөндөгөн. Никеге турганга чейинки курактагы кыздардын төрөтүнүн эң жогорку көрсөткүчү Талас жана Чүй облустарында байкалган, анда 2020-жылы республикалык көрсөткүчтөн 1,3-2,2 эсеге ашкан жана, тийиштүүлүгүнө жараша, 15-17 жаштагы 1000 кызга 5,6 жана 9,5 жаңы төрөлгөн наристелерди түзгөн.

2020-жылы өлкө боюнча орточо төрөттүн жалпы коэффициенти калктын 1000 тургунуна 24,0 жаңы төрөлгөн ымыркайды түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу бир аз төмөн (26,9). Көбүрөөк жогорку көрсөткүч Ош шаарында (тургундардын 1000ине 37,5 катталган жаңы төрөлгөн ымыркайлар), Баткен облусунда (26,1) жана Бишкек шаарында (24,6) белгиленди.

Нет описания.

Төрөттүн суммаланган коэффициенти же аялдардын фертилдүүлүк коэффициенти (репродуктивдүү мезгилдин ичинде бир аялдан төрөлгөн балдардын орточо саны) бир аз төмөндөгөн: 2019-жылдагы 3,3 баладан 2020-жылы 3,0 балага чейин төмөндөгөн. Республиканын региондорунун ичинен эң жогорку көрсөткүч Ош шаарында (бир аялга 4,5 бала), эң төмөн көрсөткүч - Ысык-Көл облусунда (бир аялга 2,7 бала) белгиленди.

Өлкөдөгү төрөттүн ушундай деңгээли калктын кеңири көбөйүүсүн сактоого мүмкүндүк бере тургандыгын белгилей кетүү керек (эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, калктын жөнөкөй көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн аялдардын төрөт коэффициентинин мааниси 2,1 деңгээлинен төмөн эмес болушу керек).

Пикир

Оставить комментарий