• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: Ичимдик коронавирусту жуктуруп алуудан сактабайт

Дүйнө 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Алкоголь ичимдиктерин ичүү коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алуудан сактабайт. Тазалыкты сактоо ооруну алдын алууда эң жакшы чара болуп эсептелет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Тарик Язаревич билдирген.

“Күчтүү алкаголь ичимдиктерин же алкоголдун башка түрлөрүн ичүү COVID-2019 вирусун жуктуруп алуудан сактай албайт. Тескерисинче, ичимдикти көп колдонуу алкоголдук ууланууга алып келүү коркунучу бар”, - деди ал.

Язаревич баса белгилегендей, сактануунун эң эффективдүү чараларынын бири – Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тазалык жана азык-түлүктөрдү колдонуу боюнча берген сунуштарын аткаруу.

Уюмдун өкүлү билдиргендей, жаңы вирус тууралуу көп нерсе дагы деле билине элек. Ар бир адамдын жуктуруп алуу коркунучу бар. Андан тышкары, улгайып калгандар, диабет жана жүрөк оорусу менен жабыркагандар илдетти бат жуктуруп алуу коркунучуна көп кабыла тургандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий