• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны сынап баштады

Дүйнө 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын биринчи тесттери колдонула баштады. Бул тууралуу Женевадагы маалымат жыйынында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом билдиргенин РИА Новости жазат.

“Вирус генетикалык ырааты менен кое берилгенден 60 күндөн кийин вакцинанын биринчи тесттери башталды. Бул чоң жетишкендик. Биз дүйнө жүзүндөгү бардык изилдөөчүлөргө системалык түрдө эксперименталдык дарыларга баа берип турууну сунуштайбыз”,- деп айтты ал.

Пикир

Оставить комментарий