• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү. ӨКМдин кызматкерлери ишембиликке чыкты

Коом 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өлкө боюнча активдүү катышты.

ӨКМден билдиришкендей, ишембиликтин катышуучулары жалпы республика боюнча министрликтин имаратынын, өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүктөрүнүн айланасын тазалашты.

Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери көлдүн жээгин жана анын айланасын тазалашты. Мындай иш-чара республикасынын жети облусунда уюштурулуп, министрликтин кызматкерлери жарандык активдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Пикир

Оставить комментарий